Visa бизнес-карты менен Regus конференц-залдарына, бизнес-залдарына, коворкингдерге, виртуалдык кеңселерге 10% арзандатууну, ошондой эле Regus сервисине акысыз бир күндүк жетүү мүмкүндүгүн алыңыз.
Сунушту кантип пайдалануу керек?
- Poshvine сайтына өтүңүз жана «Claim Offer» баскычын басыңыз.
- Валидациялоо үчүн сиздин Visa бизнес-картыңыздын номеринин алгачкы 9 цифрасын киргизиңиз.
- Сатуучунун сайтына өтүү үчүн «Redeem» баскычын басыңыз.
- Сунушту пайдалануу үчүң Visa Business, Visa Platinum Business же Visa Signature Business бизнес карты менен ижарага төлөңүз.
Сунуш 2022-жылдын 01-октябры саат 00:00 GMT тартып 2024-жылдын 31-декабры саат 23:59 GMT чейин күчүндө болот.
Шарттар жана жоболор
Өнөктөштөр үчүн шарттар жана жоболор.
Сунуш конференц-залдарга, бизнес-залдарга, коворкингдерге, виртуалдык кеңселерге гана жайылтылат. Эч кандай 2 сунуш чогуу бириктирилбейт. Regus компаниясынын ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык кандайдыр бир кызмат көрсөтүүлөрдү же продукттарды берүүсү ар дайыма алардын болушунан көз каранды болот жана конкреттүү кызмат көрсөтүүгө же продуктка тиешелүү Regus стандарттуу шарттары жана жоболору менен жөнгө салынат. Сунуш төмөндөгү продукттардын бирине карата түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтү 12 ай же андан көптү түзгөн шартта жарактуу. Жаңы кардарлар үчүн гана жарактуу.
Visa шарттары жана жоболору.
Сунуштун деталдары, жогоруда көрсөтүлгөндөй, Өнөктөш берген маалыматка негизделген. Visa маалыматтын тууралыгына эч кандай кепилдик бербейт. Сунуштун болушун жана аныктыгын тактоо үчүн Өнөктөш менен түз байланышыңыз. Өнөктөш ушул сунуштун алкагында бардык товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү жалгыз жеткирип берүүчү болуп саналат. Ушундан улам, Visa карт ээси ушул Сунуштун алкагында ал сатып алган ар кандай товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр Өнөктөш менен анын ортосундагы гана келишим экенин, ал эми Visa анын тарабы эместигин жана тарабы болбой турганын түшүнөт, тааныйт жана макул болот. Ушул Сунуштун алкагында ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланып же пайдаланууга аракет кылып, Visa картынын ээси төмөндөгүлөрдү түшүнөт, тааныйт жана макул болот: Карт ээсинин ушул Сунуштун алкагында ар кандай товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусунан же сатып алууга аракет кылуусунан улам же ага байланыштуу пайда болгон ар кандай мүнөздөгү дооматтар, даттануулар же талаштар (ар бири «Доомат»), Visa карт ээси тарабынан түздөн-түз Өнөктөш менен бирге жөнгө салынышы керек жана Visa карт ээси Visaга эч кандай дооматтарды койбошу керек. Жогоруда айтылгандарга зыян келтирүүсүз жана мыйзам менен уруксат берилген максималдуу деңгээлде, Visa Сунушту же Сунуштун алкагында берилген товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануунун же пайдаланууга аракет кылуунун натыйжасында же ага байланыштуу пайда болгон ар кандай жаракаттар, өлүм, бурмалоо, зыян же кемчилик менен байланыштуу (түз же кыйыр) ар кандай жоготуулар, зыян, чыгашалар же дооматтар үчүн эч кимдин алдында жоопкерчилик тартпайт.