-
Рейсиңизди Бишкектеги эл аралык аэропорттун жайлуу VIP-залында күтүңүз
Visa премиум артыкчылыктары менен саякаттарыңызды дагы да ыңгайлуу жана жагымдуу кылыңыз
Аэропорттогу күтүү убактысы Visa сунуштаган артыкчылыктар менен зымырап өтүп кетет. Visa Platinum Business, Visa Signature жана Visa Infinite премиум карта ээлери Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунун жайлуу VIP-залында учаар алдындагы убактысын жагымдуу өткөрө алышат.
Артыкчылыктан кантип пайдаланса болот:
- Өзүнчө турган «Манас 2» имаратынын экинчи кабатында жайгашкан жаңы VIP-залга барыңыз.
- Кызматкерге Visa Platinum Business, Visa Signature же Visa Infinite премиум картаңызды көрсөтүңүз жана кызматты колдонгуңуз келгенин билдириңиз.
- Көрсөткөндөн кийин валидациялык терминалдын жардамы менен, карта менен акысыз кирүүгө боло тургандыгы текшерилет. Эгерде карта активдүү болуп, акысыз кирүү жеткиликтүү болсо, столдун кызматкери кызматты акысыз көрсөтөт.
Шарттары:
Календардык жыл ичиндеги акысыз кирүүлөрдүн саны сиздин картаңыздын түрүнө жараша болот:
- Visa Platinum Business: Жылына 2 жолу.
- Visa Signature: Жылына 4 жолу.
- Visa Infinite: Жылына 6 жолу.
VIP-залда акысыз кызматтардын тизмеси:
Бул артыкчылыктын алкагында сизге төмөнкү кызматтар жеткиликтүү:
- Кондиционер, жумшак эмерек, телекөрсөтүү системалары жана өзүнчө дааратканалар менен жабдылган жайлуу күтүү залына жайгашуу.
- Wi-Fi тармагына акысыз кирүү жана жаңы басма сөз.
- Рейске каттоо жана жүктөрдү тариздөө.
- Жүргүнчүлөрдү учактын бортуна өзүнчө транспорт менен жеткирүү.
- Жеке транспорт үчүн унаа токтотуучу жай.
- Эл аралык рейстердин жүргүнчүлөрү үчүн: учуу алдындагы процедуралардан өтүүдө жеке коштоо.
Акы төлөнүүчү кызматтар:
Төмөнкү кызматтар акысыз кирүүнүн наркына кирбей турганын жана аэропорттун тарифтерине ылайык кошумча төлөнөрүн эске алыңыз:
- Бардын азыктары жана тамак-аш.
- Башка кошумча кызматтар.
Сунуш Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Грузия, Беларусь, Украина, Сербия, Молдова, Түркмөнстан, Түндүк Македония, Албания, Босния жана Герцеговина, Косово, Черногория жана Армениядагы банктар тарабынан чыгарылган жигердүү жана мөөнөтү бүтө элек Visa Platinum Business, Visa Signature жана Visa Infinite карталары үчүн жеткиликтүү.
POS-терминал иштебей калса жана/же VIP залында бош орундар жок болгон учурда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
Премиум Visa карталары менен саякаттын жаңы деңгээлинен ырахат алыңыз!
Visa премиум карталары менен саякаттоодо кошумча кызматтар жана сервистер сиз үчүн ар дайым жеткиликтүү
Visa'га саякатыңызды ыңгайлуураак кылууга мүмкүндүк бериңиз!
Пайдалануу шарттары жөнүндө суроолор жана жооптор
-
-
Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Грузия, Беларусь, Украина, Сербия, Молдова, Түркмөнстан, Түндүк Македония, Албания, Босния жана Герцеговина, Косово, Черногория жана Армения банктары тарабынан чыгарылган, активдүү жана мөөнөтү бүтө элек Visa Platinum Business, Visa Signature жана Visa Infinite карталары үчүн жеткиликтүү.
-
-
Visa Platinum Business карта ээлери календардык жыл ичинде VIP-залга 2 жолу кире алышат.
Visa Signature карта ээлери — 1 календардык жыл ичинде 4 жолуга чейин.
Visa Infinite карта ээлери — 1 календардык жыл ичинде 6 жолуга чейин. -
-
Сиз VIP-залдын столунда Visa Platinum Business, Visa Signature, Visa Infinite картаңызды көрсөтүп, аэропорттун кызматкерине Visa премиум картасы боюнча кызматтан пайдаланууну каалаарыңызды билдиришиңиз керек.
Көрсөткөндөн кийин валидациялык терминалдын жардамы менен, карта менен акысыз кирүүгө боло тургандыгы текшерилет. Эгерде карта активдүү болуп, акысыз кирүү жеткиликтүү болсо, столдун кызматкери кызматты акысыз көрсөтөт. Эгер мындай болбосо – төлөөнү сунуштайт.
-
-
Жок, кызмат картанын өзүн көрсөткөндө гана жеткиликтүү болот.
-
-
Жок, бир гана карта ээсине.