-
Visa'дан артыкчылыктар менен саякаттоодо байланышта калыңыз
Visa'нын атайын сунушунан пайдаланыңыз — 3 GB роумингди акысыз алыңыз
Эми саякатка чыгуу менен сиз үй-бүлөңүз жана жакындарыңыз менен байланышта болуп, реалдуу убакыт режиминде эмоцияларыңызды жана алган таасирлериңизди алар менен бөлүшө аласыз. Бул үчүн, Visa премиум карта ээлери артыкчылыктан пайдаланып, 127 өлкөдө колдонулуучу 3 GB интернет-роумингди акысыз ала алышат.
Сунуштун жарактуу мезгилинде жеткиликтүү болгон QR-коддордун саны
Visa Signature
2 QR-код
Visa Infinite
3 QR-код
Сунуштан кантип пайдаланса болот:
- Visa Concierge чат-ботунда катталыңыз же катталган болушуңуз керек.
- Чат-ботто «Роуминг» бөлүмүн тандаңыз.
- Эрежелер менен таанышып, кызматтын жеткиликтүүлүгүн картадан текшериңиз.
- Андан кийин чат-боттун нускамаларын аткарып, 3 GB акысыз роумингди берүүгө QR-код алыңыз.
VisaConcierge чат-ботуна өтүңүз:
Суроо-жооптор
-
-
Жок, кызматты кошуу VisaConcierge чат-боту аркылуу гана ишке ашат.
-
-
Активдештирүүгө орто эсеп менен 5 мүнөт кетет
-
-
Ооба, мобилдик оператордон көз каранды эмес, анткени сиз роуминги менен башка номер (eSIM) аласыз.
-
-
Түзмөгүңүзгө eSIM орнотуу үчүн, сизге алынган QR-код керек болот.
- Смартфондун жөндөөлөрүнө кирип, «Уюлдук байланыш» же «Кошулуулар» дегенди табыңыз. Андан кийин «Уюлдук тариф кошуу» же «eSIM кошуу» дегенди тандаңыз.
- Андан кийин түзмөктө QR-кодду ачып, аны смартфонуңузда скандоо үчүн дагы бир түзмөк талап кылынат. Эгер QR-кодду скандай албай койсоңуз, eSIM маалыматтарын кол менен киргизсеңиз болот. Кол менен активдештирүү үчүн зарыл болгон маалыматты ваучердин чоо-жайын ачып, көрүүгө болот.
- Андан кийин жаңы уюлдук тарифти кошуп, анын атын өзгөртүп, HighPass eSIM'ди «Мобилдик дайындар» үчүн демейки номер катары тандашыңыз керек болот.
Кадамдап аткарылуучу нускаманы шилтеме аркылуу көрүүгө болот.
*Смартфондун оперативдик тутумуна жараша айрым кадамдар бир аз айырмаланышы мүмкүн экенин эске алыңыз. Ошондой эле, Android базасындагы бардык эле смартфондор eSIM'ди колдоого албайт.
-
-
Тариф активдештирилгенден тартып 30 күн бою жарактуу болот.
-
-
Visa Signature жана Visa Infinite карта ээлери кызматтан пайдалануу үчүн роумингди алдын ала колдонгондон кийин 14 календардык күндөн эрте эмес убакытта QR-код түзө алышат.
-
-
Жок, Visa Signature жана Visa Infinite премиум карта ээлери гана сунуштан пайдаланып, акысыз 3 GB интернет-роуминг ала алышат.
-
-
Роуминг 127 өлкөдө жарактуу болот:
Австралия, Австрия, Азербайжан, Аланд аралдары, Албания, Америка Кошмо Штаттары, Аргентина, Армения;
Бангладеш, Бахрейн, Белгия, Бириккен королдук, Болгария, Боливия, Борбордук Африка Республикасы, Босния жана Герцеговина, Ботсвана, Бразилия, Бруней;
Венгрия, Вьетнам;
Габон, Гана, Гватемала, Гвинея-Бисау, Германия, Гернси, Гибралтар, Голландия, Гондурас, Гонконг, Греция, Грузия;
Дания, Джерси;
Жаңы Зеландия, Жапония;
Замбия;
Израиль, Индия, Индонезия, Иордания, Ирландия, Исландия, Испания, Италия;
Казакстан, Канада, Катар, Кения, Кипр, Колумбия, Конго демократиялык республикасы, Конго Республикасы, Косово, Коста Рика, Кошмо Араб Эмираттар, Кувейт, Кыргызстан, Кытай;
Латвия, Либерия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург;
Мадагаскар, Макао, Малави, Малайзия, Мали, Малта, Марокко, Мексика, Молдова, Монако, Монтенегро, Мысыр, Мэн аралы;
Нигер, Нигерия, Никарагуа, Норвегия;
Оман;
Өзбекстан;
Пакистан, Панама, Парагвай, Перу, Пил тиши жееги, Польша, Португалия, Пуэрто Рико;
Реюньон, Румыния;
Сальвадор, Сауд Арабиясы, Сейшел аралдары, Сенегал, Сербия, Сингапур, Словакия, Словения;
Тайвань, Тайланд, Танзания, Тунис, Туркия, Түндүк Македония, Түштүк Африка, Түштүк корея;
Уганда, Украина, Уругвай
Филиппиндер, Финляндия, Франция, Француздук Батыш Индия;
Хорватия;
Чад, Чех Республикасы, Чили;
Швейцария, Швеция, Шри Ланка;
Эквадор, Эсвайтини, Эстония.
-
-
Код түзүлгөн учурдан тартып аны 14 күндүн ичинде активдештирүү керек. Эгерде код карта кармоочусу тарабынан белгиленген мөөнөт аралыгында активдештирилбесе, кызмат кардарга кайтарылбайт жана ал алынды деп эсептелет.